Ссылки доступа

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатпай турган болду


Согди облусундагы өнөр жай ишканаларында электр энергиясына болгон талап жогорулагандыктан Тажикстан Кыргызстанга сураган көлөмдө электр энергиясын бере албайт. Бул тууралуу Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстан быйыл Тажикстандан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сураган. “Бирок биздин түндүк аймактарыбыз дагы ири көлөмдөгү электр энергиясына муктаж. Бул райондордо ишканалардын көпчүлүгү күнү-түнү чоң кубаттуулукта иштейт”,-деди ал.

Кыргызстан тажик электр энергиясы үчүн киловаттына 2,5 цент сунуштаган. Казакстандан ушундай эле баада сатып алууда. Кыргызстанга былтыр 200 миллион киловатт-саат электр энергиясы берилген.

Тажикстанда быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттоо өстү. Маселен, Ооганстанга 638 миллион киловатт-саат электр энергиясы жөнөтүлгөн.

Бул арада 2015-жылы суу көп болгону менен 4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгып кеткен. Азыр дагы суу сактагычтарда, өзгөчө Нурек ГЭСинде суу бош кое берилип жатканын баса белгиледи министр.

XS
SM
MD
LG