Ссылки доступа

БУУнун башкатчысы олимпиадалык элдешүүгө чакырды (видео)


БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун араздашкан бардык тараптарды Риодогу Олимп оюндары учурунда куралдарын таштоого жана элдешүүгө чакырды. Бул тууралуу Deutsche Welle кабарлайт.

«Тынчтык бизден башталат», - деди ал 26-июлда Твиттерде жарыялаган видео кайрылуусунда.

Дүйнөлүк уюмдун башчысы Эл аралык Олимпиада комитети менен БУУ “бейпилдик жана гармония” үчүн тыгыз кызматташып жатканын баса белгиледи.

Ал Риого келген бардык спортчуларды жана күйөрмандарды куттуктады. Олимпиада жана Параолимпиада оюндары адамзат үчүн эң мыкты майрам экенин кошумчалады Пан Ги Мун.

БУУнун Башкы ассамблеясына 193 мамлекет мүчө, алар 1993-жылдагы олимпиадалык элдешүү резолюциясын кабыл алышкан. Ага карабай, согуш токтобой келет.

XS
SM
MD
LG