“Азаттыктын” казак кызматына активист Ибрагим Алсерке кабарлагандай, бул маселеге кайдыгер эмес жарандар 30-июлда тынчтык акциясын өткөрүү боюнча акимчиликке билдирме ташташкан. Митинг Абай паркындагы Даңк мемориалынын алдында болмок. Бирок жергиликтүү бийлик алардын өтүнүчүн четке какты.
— Даңк мемориалынын чеке-бели 30-31-июлда тазаланат деген шылтоо менен акимчилик митинг уюштурууга уруксат берген жок. Муну текшерүү үчүн мен 30-июлда аянтка барам. Мыйзамдуу түрдө митинг өткөрүүгө уруксат бергичекти биз акимчиликке кайрыла беребиз, — деди Алсерке.
Буга чейин Шымкент акимчилиги активисттердин жер маселеси боюнча митинг өткөрүүсүнө эки сапар тыюу салган. Алар 21-майда эле билдирме берип, 6-июлда акция уюштурууга аракет кылышкан. Бирок максаттары орундалган эмес.