Район прокурорунун айтымында, кылмыш иши окуучулардын жапырт уулануусуна алып келген санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбагандыгы, шалаакы мамиле жасалгандыгына байланыштуу ачылды.
«Мектеп жетекчилиги жана санэпидем кызматы класстарды уулуу химикаттар менен тазалоо үчүн бийлик менен макулдашкан эмес. Бул факт боюнча тергөө амалдары уланууда», - деди облус прокурору Абдуджаббор Мирзоев.
Тажикстанда 26-майда зыянкечтерди жок кылуу максатында мектеп имаратына уулуу химиялык заттар себилген. Натыйжада 75 окуучу сабак учурунда эс-учун жоготкон. Балдардын арасындагы мындай абал дээрлик бир аптага созулуп, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.