ММКларды жабуу чечими аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу. Айрым тыюу салынган массалык маалымдоо каражаттары Feza медиахолдингинин курамына кирет. Ал козголоңду уюштурган деп айыпталып жаткан Фетхуллах Гүленге жакын адамдарга түз көз карашта болуп саналат.
Түркияда 16-июлда аскердик төңкөрүш аракети болуп, бийлик тополоңду басып калууга үлгүргөн. Козголоңго шектелип, он беш миңден ашуун адам кармалган. Шейшембиде түрк бийлиги бир жарым миң аскерди, анын ичинде жогорку даражадагы жүздөн ашуун аскер кызматкерин жумуштан кетиргенин жарыялаган.