Анын айтымында, Башмыйзамды өзгөртүүгө тиешелүү мыйзамдар жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылмакчы. Мындан соң аталган мыйзамдар парламентте чыгарылып, референдум ушул жылдын күз айларында өткөрүү пландалууда.
- Биз референдум өткөрүүнү демилгелеп жатабыз. Мыйзамдардын толук текстин коомдук талкууга чыгарууну депутаттар сунуштап жатабыз. Ал жерден биздин жарандар ачык-айкын талкуулап, өзгөртүү толуктоого өз сунуштарын берсе болот. Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүүнү тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана башка өзгөртүүлөр каралган, - деди Өмүркулов.
Иса Өмүркулов референдум өткөрүү демилгесин парламенттеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары сунуштап жатканын кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдин колу коюлган документ тараган. Анда парламенттин аппарат жетекчисине Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга чыгаруу үчүн тапшырма берилген.