Ссылки доступа

Түркмөнстанда азык-түлүккө жана товарларга баа жогорулады


Баалардын июль айындагы кезектеги өсүүсү Түркмөнстанда мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Бул президент Гурбангулы Бердымухамедов 2017-жылдын 1-январынан тарта айлык акы, жөлөк пул, стипендияны 10 пайызга көтөрүүнү жарыялаган соң болууда.

Губадаг жана Болдумсаз шаарларындагы базарларда шекердин килограммы 3-3,2 манат турса, бүгүн анын наркы 4-4,5 манатка көтөрүлдү. Борбор калаада кумшекер 5, айрым жерде 6 манаттан сатылууда (расмий курс боюнча 1 доллар по 3,5 манатка барабар).

Балканабад жана Туркмөнбашыда кофе кымбаттады. Ташып келинген башка товарларга карта баа дагы өстү. Маселен, суу майдын бир литри 2 манат болсо, азыр 8 манатка көтөрүлдү. Ашхабаддын айрым базарларында питца жана тууралган эттин баасы жогорулады. Эт азыктары жазында 12 манат болсо, азыр 20 манат турат.

Мал жандыктары үчүн жем-чөп баасы дагы кымбаттады. Эң эле арзан тоюттун наркы 8ден 14 манатка чейин көтөрүлдү. Жууп-тазалоочу каражаттар дагы кымбат, алар дүкөн текчелеринде дээрлик көрүнбөйт. Ай сайын болуп жаткан акчанын нарксызданышынан улам сатуучулар товарларды чекене сатуудан коркуп жатышат. Дары-дармектердин баасы дагы жогорулады.

Баалардын көтөрүлүшүн экономиканын төмөндөшү, ишкерлер үчүн валюталарды алмаштыруунун токтошу жана январда күтүлгөн айлык акы, пенсиянын жогорулашы менен байланыштырышууда.

XS
SM
MD
LG