Ссылки доступа

Ташкентте кайрадан бензин тартыш болууда


Ташкенттин май куйуучу жайларында бензин тартыштыгы байкалууда. Түштө эле күйүүчү май түгөнүп калып, айдоочулар кийинки күнү танкы саат төрттөн тарта кезекке турушууда. Бул күндөрү Ташкенттеги май куйуучу жайларда бензин жок.

– Бардык жерде кезек. Эртең менен май куйуучу жайга келсең, бензин жарым саат аралыгында түгөнүп калып жатат. Ким үлгүрсө ошол сатып алууда. Майга жетпей калгандар башка станцияларга кезекке турушууда, – деди “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысына айдоочулардын бири.

Шаардагы май куйуучу жайлардын кызматкерлеринин айтымында, базада күйүүчү май аз. Соңку жылдары Өзбекстанда бензин тартыштыгы кадыресе көрүнүш болуп калды. «Узбекнефтемахсулот» жаралган көйгөй тууралуу маалыматты жарым-жартылай тастыктады.

– Күн сайын 30 миң автоунаа бизден бензин алат. Албетте, анан ушундай ири көлөмдө алып жатышкан соң май түгөнөт да. Бирок башка аймактарга салыштырмалуу Ташкентте абал жакшы. Бир май куйуучу жайда бензин жок болсо, кийинкисинен табууга болот, – деди «Узбекнефтемахсулот» компаниясынын кызматкери.

Учурда АИ-80 маркасындагы бензиндин мамлекеттик баасы 2070 сум турат. Бирок Өзбекстандын облустарында ушундай эле үлгүдөгү бензин 3 миң сумдан сатылууда. Байкоочулар Өзбекстанда элдер жапырт пахта терүүгө тартылган учурдан баштап бензин тартыштыгы башталат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG