Ссылки доступа

Ереванда "Сасна црер" тобу бийликке багынды


Ереванда полиция имаратын барымтага алган "Сасна црер" тобунун адамдары куралдарын таштап, бийликке багынып берди. “Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, 20 адам кармалды.

Жекшембиде барымтачылар багынууга даяр экенин билдиришкен. Куралдуу топтун лидерлеринин бири Варужан Аветисяндын айтымында, полиция менен болгон атышуудан кийин топ оор жоготууга учурады.

Аветисян барымтачыларды аскер туткундары деп атап, Армения элин “күрөштү улантууга” чакырды. Ал элди көтөрүлүшкө алып чыгуу боюнча милдет аягына чыкты деп эсептейт. Атайын кызмат "Сасна црер" тобунун мүчөлөрүн террорчулар деп атады.

Куралдуу топ багынып бергенден кийин жүздөгөн шаар тургуну Ереван көчөлөрүндө козголоңчуларды колдогон жүрүшкө чыкты.

Эки апта мурун оппозициялык саясатчы Жирайр Сефиляндын куралдуу тарапкерлери Ереван полициясынын имаратына кол салып, ал жерди ээлеп алган. Окуяда бир офицер өлүп, төртөө жаракат алган. "Сасна црер" тобунун мүчөлөрү жети адамды барымтага алып, дээрлик бир жума кармашкан. Алар мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деп камалган Сефилянды бошотууну жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG