Ссылки доступа

ИМ Орусияга кол саларын айтып, опузалады


“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жетекчилиги өз мүчөлөрүн Орусияда жихад баштоого үндөдү. Reuters агенттиги маалымдагандай, интернетте тараган тогуз мүнөттүк тасмада Орусия жарандарын “үйлөрүндө” өлтүрүү ниети эскертилгени жарыяланган.

Видеонун аныктыгын көз карандысыз эксперттер тарабынан тактоо азырынча мүмкүн боло элек. Бирок Reuters кабарлагандай, тасма Telegram мессенжерине жихаддык топ колдонгон аккаунт тарабынан жайгаштырылган.

Акыркы апталарда Европа өлкөлөрүндө болгон кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчиликти жихадчылар моюнуна алган. Өткөн жумада кылмышкерлер Францияда улгайган католик дин кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Жихадчылардын катышуусу менен Германияда 14-июлдан бери төрт кайгылуу окуя катталды. Ниццада эс алуучулар жапырт кыргынга учурап, Ансбахтагы концертте жанкечти кол салды.

XS
SM
MD
LG