Ссылки доступа

АКШ Ливиядагы ИМ тобуна сокку урду


АКШ Ливиядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна  бомба чабуулун жасады. Ливия өкмөтү Сирт шаарындагы жоочуларды сүрүп чыгаруу үчүн АКШдан жардам сураган.

Премьер-министр Фаиз Сарадж мамлекеттик телеканалдар аркылуу алгачкы аба соккулары Сирттеги белгиленген жайларга урулуп, каршылаштарды олуттуу жоготууларга дуушар кылганын билдирди.

Ак үй маалымдагандай, АКШ президенти Барак Обама авиасоккуларга макулдугун берген. Обама мындай чечимди коргоо министри Эштон Картер жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфордун сунушу менен кабыл алган. Пентагон өкүлү Питер Кук чабуул аягына чыга электигин айтты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өлкө түндүгүндөгү Сирт шаарын былтыр басып алган. Муну менен ал жоочулардын Сирия менен Ирактан тышкаркы маанилүү базасына айланган.

XS
SM
MD
LG