Ссылки доступа

Сирияда өлгөн орус аскерлеринин саны 19га жетиши ыктымал


Сириянын Идлиб аймагында орусиялык Ми-8 тик учагы атып түшүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлиги берген алдын ала маалымат боюнча ичиндеги беш аскер каза тапты. Муну менен Сирияда курман болгон орусиялык аскерлердин саны 19га жетиши мүмкүн.

Идлибди дээрлик толугу менен Башар Асадга каршы согушуп жаткан оппозициялык исламчылар көзөмөлдөп турат. Алардын арасында “Аль-Каидадан” бөлүнүп чыгып, буга чейин “Ан-Нусра” деп аталып келген “Фатх аш-Шам фронту” дагы бар. Тик учакты согушуп жаткан тараптардын кайсынысы түшүргөнү аныктала элек.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Латакиядагы Хмеймим базасына кайтып бара жаткан транспорттук тик учак атып түшүрүлгөн. Ал Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирип барган эле. Бул калаада эки күндөн бери куралдуу оппозиция орус аба күчтөрү жардам берип жаткан өкмөт аскерлерине чабуул жасоодо.

Сириялык укук коргоочулар жана жергиликтүү жашоочулар буга чейин орус тарапты Алепподогу жай тургундар жашаган кварталдарга чабуул жасап жатат деп айыптап келген.

XS
SM
MD
LG