Ссылки доступа

Эки кыргызстандык радикализмге байланыштуу Орусиядан депортацияланды


Кыргызстандык эки жаран радикализмди пропагандалады деген айып менен Орусиядан депортацияланды. Аларга айыппул да салынганын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди.

Аты-жөндөрү ачык айтылбаган эки жаранга беш жылга орус жергесине кирүүгө тыюу салынды.

Коопсуздук кызмат алар Челябинск облусунда КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө экстремисттик деп табылган салафизм идеясын жайылтып жүргөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG