Анын максаты өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн деңгээлин көтөрүп, уландарды аскердик кызматты өтөөгө милдеттендирүү болуп саналарын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңеште быйыл 30-июнда кабыл алынган мыйзам “Кыргыз Республикасынын жаранынын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө” деп аталат.
Кыргызстанда жоокерлер 1 жыл кызмат өтөшөт.