Ссылки доступа

Түркияда Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди


Түркияда оппозициячыл диний ишмер, АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди. Стамбул соту "15-июлда төңкөрүш кылууга ал буйрук берген" деген токтом чыгарды.

Гүлген Түркияда күч менен бийликти алмаштырууга аракет жасоого тиешеси жок экенин айтып келет. Диний ишмер ал жетектеген кыймыл кайрымдуулук иштери менен гана алектенерин билдирүүдө.

Анкара Гүленди кайтарып берүүнү талап кылганы менен АКШ бийлигине расмий түрдө али кат жолдой элек.

Бейшембиде Түркия президенти Режеп Эрдоган оппозиционер менен байланышы бар бардык жеке компанияларды кирешесинен ажырата турганын кабарлаган. Эрдоган Гүленге тиешеси бар уюмдарды “терроризмдин уюгу” деп атаган.

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетине катышкан деген шек менен 10 миңден ашуун адам кармалды. 70 миңдей мамлекеттик кызматкер, полиция жана аскер адамдары жумуштарынан бошотулду. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, Адам укугу боюнча Европа конвенциясынын аракети токтотулду.

XS
SM
MD
LG