Түркия президенти Тайып Эрдоган АКШда жашаган диний ишмер Фетуллах Гүленди 15-июлдагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптап келет. Окуядан көп өтпөй Түркия айрым өлкөлөргө кайрылып, Фетуллах Гүленге байланышы бар окуу жайларды жабууну талап кылып баштаган.
Буга ар кайсыл өлкө ар башка жооп берген. Мисалы, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия көз карандысыз башка өлкөнүн билим берүү маселелерине кийлигише албай турганын билдирген. Казакстандын бийлиги болсо, казак-түрк лицейлеринин Гүленге тиешеси жок экенин жана алар Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүндө экенин билдирген.
Түркия президенти Астананы Гүлен менен байланышы бар деп эсептелип жаткан бардык 33 лицейди текшерип чыгууга чакырды.
«Алар мамлекеттин көзөмөлүндөгү мектептер. Биз Түркияга коркунуч туудургандарды колдобойбуз. Ал биздин кызыкчылыкта эмес. Биз бардык мектептерди текшерип чыгалы деп сүйлөштүк. Эгер алардын [Гүлен менен] байланышы далилденсе, анда биз ал мугалимдерди алмаштырабыз», - деди Назарбаев.