Ссылки доступа

Түркмөнстан аэропорттогу окуя боюнча Пакистанга нааразылык нотасын жолдоду


Түркмөнстан Исламабаддагы аэропортто парламенттик делегациянын учагынын кармалып калганы боюнча нааразылык нотасын жолдоду.

Пакистанда Түркмөнстандын парламенттик делегациясынын иш сапары аяктагандан кийин учак Исламабаддын Беназир Бхутто аэропортунда үч саатка кармалып калган.

Делегацияны жетектеген Түркмөнстан парламентинин башчысы Акджа Нурбердиева Пакистандын авиациялык бийлигине нааразычылыгын билдирген. Түркмөнстандын элчиси болсо парламенттин төрагасы Сардар Садикке кайрылгандан кийин гана учактын өлкөдөн учуп кетүүсүнө уруксат берилген.

Түркмөн тараптын билдиришинче, Нурбердиева парламент мүчөлөрүнүн коштоосунда Пакистанга атайын учак менен келген. Аба кемесинин конуусу жана учуусу үчүн Исламабаддагы аэропортко 1500 АКШ доллары төлөнгөн. Пакистандын авиациялык бийлиги кабарлагандай, аба каттамдары көп болгондуктан, ал өз кезегин күтүп калган. Бирок түркмөн тарап учак VIP режим менен келгенин айтып, нааразы болду.

XS
SM
MD
LG