Ссылки доступа

“Азаттыктын” журналисти Хадижа Исмаилованын мөөнөтү кыскартылды


8-августта Баку соту Исмаилованын 3,5 жылдык шарттуу кесилген мөөнөтүн 2 жыл 3 айга кыскартты. Анын себептери айтыла элек.

Исмаилова 2014-жылы декабрда кармалып, өткөн жылы 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал салык төлөөдөн качкан, бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алган, мыйзамсыз ишкердик кылган жана кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган.

Быйылкы жылы май айында Азербайжандын Жогорку Соту бирөөнүн мүлкүн ээлеп алган жана кызмат абалынан пайдаланган деген айыптарды алып, шарттуу түрдө кесүү менен абактан чыгарган.

Исмаилова президент Илхам Алиев жана анын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштерин иликтеп жазганы үчүн камалганы айтылган.

XS
SM
MD
LG