Ссылки доступа

«Чек арасыз дарыгерлер»: Сирияда балдар ооруканасына сокку урулду


«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясындагы балдар ооруканасына авиасоккулар жасалганын билдирди. Чабуулдан өткөн дем алыш күндөрү 13 киши каза болгон.

Гуманитардык жумушчулар билдиргендей, төрт соккунун экөө госпиталдын өзүнө тийген. 6-августтагы авиачабуул маалында оорукананын алты кызматкери жаракат алган. Азырынча сокку ким тарабынан жасалганы белгисиз.

Өткөн айда БУУ Сириядагы саламаттыкты сактоо объектилерине 44 жолу кол салуу болгонун билдирген. Өткөн жылдын сентябрынан бери бул өлкөдө абада аскер операцияларын өткөрүп келе жаткан Сирия өкмөтү менен Орусия алардын бутасы ооруканалар экенин четке кагышууда. Октябрда «Чек арасыз дарыгерлердин» Ирактын түндүгүндөгү госпиталы америкалык аскер-аба күчтөрү тарабынан жаңылыш түрдө бомбаланган. Анда 42 киши курман болгон. Кийинчерээк АКШ ал алешемдиги үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG