Премьер-министр Иса Мустафа кабарлагандай, мындан тышкары белгисиз адамдар чек ара маселеси боюнча комиссиянын башчысынын үйүнө жардыргыч зат орнотуп кетишкен.
Буга чейин Косово оппозициясы парламент жыйынында Черногория-Косово чек арасы тууралуу теманы үзгүлтүккө учураткан. Чек ара боюнча келишим өлкө атуулдарына Евробиримдикке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай макулдашууга каршылардын пикиринде, чек араны демаркациялагандан кийин Косово сегиз миң гектардан ашуун жеринен айрылат.
Сербиянын мурдагы автономдуу крайы – Косово көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. Республиканы Шенген келишиминдеги үч өлкө – Испания, Греция жана Словакия тааныган эмес. Бул мамлекеттерге Косово жарандары шенген эмес, өзүнчө виза менен барышат.