“Азаттыктын” өзбек кызматына Обнинск шаарынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Александр Кирсанов кылмыш 6-августта калаанын борбордук көчөлөрүнүн бириндеги үйдө жасалганын билдирди.
Алдын ала тергөөнүн маалыматы боюнча кылмышка шектелип жаткан жаш жигит менен өлгөн кыз жакын байланышта болгон. Бирок энеси алардын мамилесине каршы чыккан.
Орусиялык тергөөчүлөр билдиргендей, өлгөн кыздын энеси менен жаш жигиттин ортосундагы жаңжал трагедия менен аяктады. Жаалданган киши болочок кайненесине бычак менен тап берип, андан соң арачага түшкөн сүйүктүүсүн сайып жиберген. Алган жаракаттан кыз менен эне дароо мерт кеткен.
Полиция кабарлагандай, мекендештерин өлтүргөн жигит кылмыш жасалгандан бир күндөн кийин кармалган.