Ссылки доступа

Экстраваганттуу өзбек ырчы Рамзан Кадыров менен жолугушуу үчүн хиджаб кийди


Америкада жашаган белгилүү ырчы Наргиз Закирова Фейсбуктагы баракчасына Рамзан Кадыровдун үйүндө конок болгонун жазып, Чеченстандын башчысы менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Сүрөттүн төмөн жагына ырчы укмуштуудай кабыл алуусу үчүн Чеченстан башчысына ыраазычылыгын билдирип, шаардын ыйык жерлеринде болгонуна сыймыктанарын жазган.

«Жалпы эл үчүн кылган жана кылып жаткан эмгегиңиз үчүн Сизге таазим. Рахмат сага, менин эжем ЧЕЧЕНСТАН! Рахмат сага, байкем ГРОЗНЫЙ! Кымбаттуу адамдар, мен силерди чын жүрөктөн жакшы көрүп калдым, Силерди АЛЛАХ колдосун»,– деп жазды ал. Азырынча Наргиз Закированын качан жана кандай себептер менен Чеченстанга барганы белгисиз бойдон калууда.

Наргиз Закирова Ташкентте туулуп өсүп, 1995-жылы АКШга көчүп кеткен. Ал 2014-жылы Орусиянын биринчи каналындагы «Голос» вокалдык шоусуна катышып, анда жеңүүчү болуп табылган соң оозго алына баштаган.

Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров ата мекендик жана чет өлкөлүк жылдыздарды чакырып, аларга баалуу белектерди берип келет. Алардын арасында Майк Тайсон, Ванесса Мэй, Жан-Клод ван Дамм, Дима Билан жана Филипп Киркоров бар.

XS
SM
MD
LG