Ссылки доступа

Алматыда трамвайлар жок болуп баратат


Келерки жылы Алматы трамвайы 80 жылдык мааракесин белгилейт. Бирок былтыр жергиликтүү бийликтин буйругу менен калаада трамвай кыймылы токтотулган. Буга алардын катышуусундагы эки ири авария жана транспорт паркындагы абалдын начардыгы себеп болгон.

Өткөн жылы жүргүнчүсү жана айдоочусу жок трамвай борбордук көчөлөрдүн биринде 14 автоунааны сүзүп кеткен. Төрт адам жабыркаган. Ушундай эле көрүнүш кийин дагы кайталанган.

Бул окуялардан кийин Алматы акими трамвай паркын текшерип чыккан. Анда трамвайдын рельстен чыгып кетүүсү байма-бай катталары белгилүү болгон. 2015-жылдын башында эле 43 авария катталган. Комиссия трамвай жолунун эскиргенин аныктаган. Кошумча рельстерди жана жаңы вагондорду сатып алууга эле миллиард доллар керектелери аныкталган.

2015-жылдын 31-октябрында Алматыдагы трамвайлардын иши алешемдиктер жоюлганга чейин убактылуу токтотулган. Бирок убакыт өткөнү менен абал өзгөргөн жок.

Шаар бийлиги он жылдан бери жеңил рельстүү трамвайларды курууну убада кылып келет. Ал 2020-жылы ишин баштап, күнүнө 62 миң жүргүнчүнү тейлемек. Бирок так пландар алигиче жок.

XS
SM
MD
LG