Ссылки доступа

Интернеттеги маалыматтарды чечмелөө милдети ФСБга жүктөлдү


Орусия Федералдык коопсуздук кызматы мындан ары Интернет колдонуучуларынын билдирүүлөрүн чечмелейт. Тиешелүү буйрук Орусиянын укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Документке ылайык, бул иш менен ФСБнын Илимий-техникалык кызматы алектенет. Июлда Федералдык коопсуздук кызматы провайдерлерден алына турган маалыматтарды топтоо тартибин бекиткен. Бул электрондук билдирүүлөрдү чечмелөө үчүн керек. Буйруктун тексти анда жарыяланбаганын “Газета” басылмасы билдирди.

Бул арада «Орусиялык коомдук демилге» сайтында 100 миңден ашуун адам Ирина Яровая тарабынан сунушталган антитеррордук мыйзамды жокко чыгарууга өз добуштарын беришти. Бир жарым миңдей адам “Яровая мыйзамын” артка кайтарууга макул эместигин айтты.

“Терроризмге каршы” мыйзамдардын топтомуна 7-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык массалык башаламандыктарга катышууга ниети барларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, уюлдук операторлор өз кардарларынын бардык телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып, сактап коюшу зарыл.

Бул мыйзамга кол коюлгуча эле уюлдук оперторлор анда жазылгандарды ишке ашыруу үчүн бир нече триллион доллар керектигин айтып, эгер документ кабыл алынса уюлдук сүйлөшүүлөргө болгон тарифтер 2-3 эсе өсүшү мүмкүндүгүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG