Ссылки доступа

Астанада күрөөканадагы окуяга байланыштуу тергөө башталды


Астана полициясы күрөөкананы тоноо аракетине байланыштуу «Каракчылык» жана «Адамдарды барымтага алуу» беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирди.

Полициядан атайын операциянын жыйынтыгында Астананын 42 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлашты. Азырынча шектүүнүн аты-жөнү айтыла элек.

14-августта белгисиз адам тоноо максатында Астанадагы «М-Ломбард» күрөөканасына кирип барып, айгай системасы иштеп кеткен соң күрөөкананын эки кызматкери менен бирге имараттын ичинде камалып калган.

Полициядан күрөөкананын кызматкерлеринин бири сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилгенин, экинчисин укук коргоо органдары имараттын эшигин сындырып, ошол эле күнү бошотконун кабарлашты. Андан сырткары операциянын жүрүшүндө эч ким, анын ичинде барымтадагылар да жабыркабагандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG