Машыгууларга согуштук деңиз жана согуштук аба күчтөрү, ошондой эле Түркмөнстандын чек ара аскерлери, абадан коргонуу бөлүгү, Улуттук коопсуздук жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери да катышты.
Маалыматтар боюнча, «аскердик-тактикалык машыгуулардын алкагында асманга согуштук учактар жана Түркмөнстандын чек ара кызматынын учкучсуз учуу аппараттары көтөрүлгөн. Алар деңиз мейкиндигин айлана чалгындоо учууларын жасашып, кыймылдуу бутаны байкап, видеого тартып, аны ыкчам түрдө борбордук штабга жөнөтүшкөн».
Машыгуулар ийгиликтүү деп табылды.
Ушул жылдын мартынын соңунда да Түркмөнстанда масштабдуу машыгуулар өткөрүлгөн.