Ссылки доступа

Ташкентте белгилүү актер соттолот


Ташкентте 17-августта белгилүү өзбек актеру Матякуб Матчоновдун үстүнөн сот жараяны өтөт. Ал жана дагы үч адам каржы-экономикалык кылмыштарды жасаган делинип айыпталууда.

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Матякуб Матчонов 4-июлда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, 60 жаштагы актер “жасалма жол менен банкрот болгонун жарыялоо, соода тартиптерин бузуу, арам акчаларды адалдоо” боюнча күнөөлөнүүдө.

Матчанов негиздеген “Марса” коммерциялык фирмасынын кызматкерлери да кармалды. Аталган кылмыш иштин алкагында Өзбекстандын укук коргоо органдары дагы эки адамды издөөдө.

Өз булактар маалымдагандай, бүтүндөй өлкө боюнча “Марса” менен кызматташкан бир нече фирманын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды. Ал чет өлкөдөн алынып келген товарларды дүңүнөн соодалап иштечү.

Өзбекстандыктар Матякуб Матчоновдун чыгармачылыгы менен өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери тааныш. Ал театр жана кинодо көптөгөн образдарды жараткан. Үч баланын атасы 2011-жылы “Достук” ордени менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG