Ссылки доступа

Орусия Тажикстандагы мунайгаз кендерин иштетүүдөн баш тартты


natural gas
natural gas

Орусиянын мамлекеттик «Газпром» компаниясы Тажикстандын Сарыкамыш жана Батыш Шохамбары кендеринде изилдөө иштерин жүргүзүүдөн баш тартты.

Дүйшөмбүдөн 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Сарыкамыш кенинин камдыгы болжол менен 18 миллиард куб метр газ жана 17 миллион тонна мунай деп бааланууда. Үч жыл мурда Тажикстан менен «Газпром» компаниясы аталган кендеги газ камдыгынын 30 пайызын тажик өкмөтү алып, калганын орусиялык компаниянын менчигине өткөрү боюнча макулдашууга келишкен.

"Интерфакс" агенттиги атайын түзүлгөн комиссия «геологиялык изилдөө иштерин улантуунун натыйжасыздыгынан улам» кенди иштетүү лицензиясын тажик өкмөтүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын жазды.

Азырынча ал чечимдин чоо-жайы белгисиз. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү «Газпромдун» чечими боюнча түшүндүрмө берүүдөн карманып жатышат. Бирок мурдараак Тажикстандын Геология башкы башкармалыгынын жетекчиси Мурод Жумазода Орусиянын мамлекеттик компаниясы Сарыкамыш аймагындагы мунайгаз кенин иштетүүгө да лицензия берүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылганын билдирген.

Мурод Жумазода анда «мунай менен газ чыгаруу үчүн экинчи кенди иштетүү оңой иш эмес экенин жана ал үчүн 4-5 жыл убакыт керектигин» айткан. Сарыкамыш менен Батыш Шохамбары - Газпром иштетүү лицензиясына ээ болгон Тажикстандагы эки гана кен.

XS
SM
MD
LG