Поткин 2014-жылы казакстандык БТА Банкта уурдалган беш миллиард долларды иликтөө ишинин алкагында кармалган. Ал арам акчаны адалдоо боюнча айыпталууда. Мындан тышкары экстремисттик коомду түзүү, диверсия жана улут аралык кастыкты козутууга күнөөлөнүүдө.
Дүйшөмбүдө прокурор Поткинди тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал өзү айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши саясий жактан өч алуу максатында козголгонун билдирип келет.