Ссылки доступа

Крымдык саясий туткун Юрий Ильченко Украинага качып кетти


Экстремизм боюнча айыпталып, үй камагында жаткан севастополдук блогер Юрий Ильченко Крымдан Украинага качып кетти. Бул тууралуу Украинанын Маалымат саясаты министрлигинин сайтында жазылган.

38 жаштагы Юрий Ильченко – чет тилдер мектебинин ээси. Блогерге жеке сайтында жарым аралды басып алган Орусиянын саясатына сын айткандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Крымдын орусиячыл бийлиги аны “экстремисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө чакыруу” жана “улут аралык жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козутуу” беренелери боюнча айыптоодо. Ал 2015-жылы 2-июлда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Экстремизмге каршы аракеттенүү борбору тарабынан кармалган. Блогер Симферополдун тергөө абагына 11 айга отургузулган, июнда үй камагына чыгып, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ильченко Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, камалуусу жана качуусу боюнча айтып берери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG