Ссылки доступа

Москвада Өзбекстандык жаран тез жардам айдоочусуна бычак сайды (видео)


Москвада бычак саюуга шектелип, Өзбекстандан чыккан жаран кармалды. Ал ооруган тишине жардам көрсөтүүнү талап кылып, тез жардам унаасынын айдоочусуна кол салган.

Тез жардам кызматынын бригадасына кол салуу болгондугу танкы саат төрттө шаардын Батыш округунда иштеген бардык полиция экипаждарына кабарланган.

Саналуу мүнөттөрдөн кийин полиция Борбор Азиянын 30 жаштагы жаранын кармаган. Шектүү Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну болуп эсептелет. Орусияда ал акыркы эки жылдан бери жашап, батирлерди оңдоо иши менен алектенет. Ал мурун соттолгон эмес. Үй-бүлөлүү, аялы ушул тапта кош бойлуу.

Тергөөнүн маалыматы боюнча шектүү тез жардам кызматынын унаасына жүгүрүп барып, ийне саюуну талап кылып, айдоочуну көкүрөккө бычак менен уруп жиберген. Жабырлануучу шаардын ооруканаларынын бирине операция жасоо үчүн жеткирилген.

Кармалган адам айдоочу менен тартыша кеткендигин айтып, бирок чыр эмнеден чыкканын так эстей алган жок. Анын айтымында, кызматкер таблетка берүүдөн баш тартып, жинине тийген. Кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Эгер ал айыптуу деп табылса, 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG