Ссылки доступа

Кавказдагы жашыруун куралдуу топтун лидерлери делгендер жок кылынды


Шаршембиде Петербургда атайын операция учурунда өлтүрүлгөн төрт кишинин үчөө Кабардино-Балкариядагы көмүскө куралдуу топтун “лидери” болгон. Орусиялык укук коргоо органдары маалымдагандай, тындым болгон дагы биринин тек-жайы аныктала элек.

Улуттук антитерррордук комитеттин ырасташынча, бул адамдар федералдык издөөдө жүргөн. Шектүүлөр жашынган батирге атайын бөлүк чабуул жасап, алар жок кылынды.

Операция Петербургдун түштүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болду. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жай тургундар арасында жоготуулар жок.

Буга чейин жергиликтүү ММКлар Петербургдагы атайын операция Кабардино-Балкариянын атайын кызматынын суранычы менен өткөнүн жазып чыгышкан. Федералдык коопсуздук кызматынын Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкармалыктары бул маалыматты тастыктоодон баш тартышты.

XS
SM
MD
LG