«Айыпталып жаткандар «Одноклассники» социалдык түйүнүндө жасалма аккаунттарды ачышып, алар аркылуу жихад жана учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатуу идеяларын таратышкан», – деп билдирди укук коргоо органдарындагы булак. Анын айтымында, соттолгондордун телефондорунда экстремисттик мазмундагы видеолор сакталуу болгон.
Өзбекстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, акыркы бир жыл ичинде экстремисттер интернет аркылуу адамдарды үгүттөгөн учурлар көбөйгөн. Диний экстремизм идеяларын пропагандалоо социалдык түйүндөрдөгү аккаунттар жана WhatsApp мобилдик мессенджери аркылуу аныкталууда.
Апрелде Өзбекстан президенти Ислам Каримов өлкөнүн Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ал өзгөртүүлөрдө «ЖМКлар менен телекоммуникациялык түйүндөрдү, ошондой эле интернетти колдонуу менен» диний экстремизм идеяларын жайылтуу үчүн кылмыш жазасы каралган.