Ссылки доступа

Грузияда марихуананы легалдаштырууну жактагандар баш аламандык уюштурушту


Жекшембиге караган түнү Грузиянын Самтредиа шаарында марихуананы легалдаштырууну колдогон акция катышуучулары менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Көчө жүрүшүнө чыккандар тартип сакчыларынын унааларын ак түс менен сырдап ташташты.

Өлкөнүн борборундагы кичинекей шаарчадагы ызы-чуу менен коштолгон митингди жеңил маңзатын декриминалдаштырууну жактаган жаштардын “ак кыймыл” аттуу уюму уюштурду.

Активисттер бир нече күн мурун Самтредияда өз жанын кыйган 22 жаштагы Демур Стуруаны эскеришти. Өлөр алдында маркум полициячынын бири андан кабар берүүчү болуп турууну суранганын, болбосо маңзат сактоо жана колдонуу боюнча айыптап, кылмыш ишин ачып, камарын айтып опузалаган.

Акция катышуучулары Демур Стуруа маңзатка көз каранды болгонун четке кагышкан жок. Бирок кыймылдын лидеринин айтымында, өлкөнүн бул багыттагы саясаты өтө эле катаал. Полиция мындан пайдаланып, маңзатка берилген адамдарга кысым көрсөтүп, шантаж кылат. Бул сыяктуу ыкмалардын бири жаш жигиттин өлүмүнө алып келди.

Митингчилер үн чыгаруучу гранаталарды жана түтүн кутучаларын колдонушту, андан соң патрулдук автоунааларды ак түскө боеп, “мени өлтүрбөгүлө, мен дагы адаммын” деген жазууларды чаптап кетишти. Грузия ИИМи окуя боюнча кылмыш ишин козгоду, чочун мүлккө зыян келтирген жаш активисттер эми жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG