Ссылки доступа

Тажикстан: камактагы диний партиянын мүчөсүнө кыйноолор колдонулган жок


Махмадали Хаиттин жубайы, Тажикстан кайра жаралуу партиясынын лидеринин орун басары күйөөсүнүн саламаттыгы жакшы экенин билдирип, түрмөдө ага кыйноолор колдонулууда деген кептерди четке какты. Савринисо Жураева эки күн мурун эле жолдошу менен жолугуп келген.

Кыйноолор колдонулуп, натыйжада Махмадали Хаит майып болуп калды деген айың сөздөн кийин өлкөнүн Жогорку Соту аялын жолугушууга киргизген. “Баары жакшы, ден соолугу да түзүк, кабатыр болууга жана даттанууга негиз жок”,- деди ал.

Мыйзамга ылайык, Махмадали Хаиттин жакындары аны жарым жылда бир көрүп турууга укуктары бар. Ага жараша аялы күйөөсү менен төрт айдан кийин жолукмак, бирок Жогорку Сот мөөнөтүнөн мурда уруксат берди.

Эки күн мурун чет өлкөдө иштеген тажик оппозициялык сайттарда Махмадали Хаиттин кыйноолорго дуушар болгону, саламаттыгы начаралагыны жөнүндө маалымат чыккан. Юстиция министрлиги дооматтарды четке кагып, айыптоолорду негизсиз деп атаган.

Тажикстан Жогорку Соту 2-июнда диний партиянын жогорку даражалуу 14 мүчөсүнө айыптоочу өкүм чыгарган. Жабык жараян учурунда партиянын эки орун басары – Саидумар Хусайни жана Мухмадали Хаит өмүр бою эркинен ажыратылган, калгандары 14-28 жылдарга кесилген. Сот аларды мамлекетке каршы козголоң уюштурууга айыптаган.

XS
SM
MD
LG