Ссылки доступа

Сөз эркиндигин коргоо комитети Орунбековду куугунтуктоону токтотууну талап кылды


Сөз эркиндиги комитетинин расмий бийлик өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуусунда журналист Дайыр Орунбековду андууга алган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин ачуу сунушталган. Тиешелүү кайрылуу Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКга жолдонгон.

Комитет журналист Дайыр Орунбековдун жеке жашоосуна милиция кызматкерлеринин өзүм билемдик менен кийлигишүүсүн Башмыйзамды бузуу катары сыпаттайт. Ошондой эле анда милиционерлер эмне себептен, кандай максатта Дайыр Орунбековду жана анын үй-бүлѳсүн байкоого алып жаткандыгы тууралуу суроо берилген. Сѳз эркиндигин коргоо комитети Дайыр Орунбековго карата мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотууну жана журналист тууралуу маалыматтарды мыйзамсыз түрдө чогулткан кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Буга чейин журналист Дайыр Орунбеков аны белгисиз адамдар аңдууга алганын, кийинчерээк алар ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыкканын билдирген. Ички иштер министрлиги журналисттин айткандары текшерилип жаткандыгын кабарлаган.

Орунбеков өзүнө таандык maalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макала жарыялап, анда июнь коогалаңы боюнча учурдагы президентти айыптап, күнөөлүүлөргө саясий баа берүү керектигин айтып чыккан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, сот Дайыр Орунбековдун президентке негизсиз жалаа жапкан деп тапкан. Буга байланыштуу журналистке эки миллион сомдук айыппул төлөөнү милдеттендирген болчу. Августтун башында соттун чечимин айткарбай жаткандыгы үчүн журналистке дагы кылмыш иши козголуп, Бишкектен тышкары чыгууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG