Ссылки доступа

Москва соту Поткинди 7,5 жылга эркинен ажыратты


Москванын Мешанский соту улутчул Александр Поткинди (Белов) жети жарым жылга эркинен ажыратып, 600 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Орусияда тыюу салынган «Русские» улутчул кыймылынын лидерлеринин бири төрт берене боюнча күнөөлүү деп табылды. Андан сырткары Мешанский соту казакстандык БТА-банк тарабынан Поткинге карата берилген 4,9 миллиард рубль өлчөмүндөгү жарандык доону да канааттандырды. Анын адвокаттары бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттануу ниетинде.

Поткин Казакстандын БТА-банкынан беш миллиард рубль уурдоо ишин иликтөөнүн алкагында 2014-жылдын октябрында кармалган. Ал арам акчаны адалдоо, экстремисттик коом түзүү, диверсия жана улут аралык кастыкты козутууга айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча Поткин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди бийликтен кетирүүнү пландаган.

Александр Поткиндин өзү айыптоолорду четке кагып, кылмыш иши саясий жактан өч алуу максатында козголгонун билдирип келет. Апрелде Адам укуктары боюнча Европа соту анын камакта узак убакыт кармап жаткандыктары тууралуу даттануусун кароо үчүн кабыл алган.

XS
SM
MD
LG