Ссылки доступа

Сирия өкмөтү Түркиянын аскерий операциясын айыптады


Сириянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү түрк аскерий операциясын айыптады. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.

Мекеменин билдирүүсүндө Сириянын аймагында өлкөнүн расмий бийлигинин макулдугу менен гана операциялар жүргүзүлүшү керектиги белгиленген. Сирия ТИМи түрк операциясын «басып кирүү» деп атап, анын жыйынтыгында Сириянын түндүгүндөгү экстремисттик «Ислам мамлекети» тобу «башка террорчул топторго» алмаштырыларын билдирди.

Шаршемби күнү Түркия армиясы түрк чек арасынан алыс эмес жердеги Сириянын Жураблус шаарындагы аскерий операциясын баштаган. Түрк бийлиги шаарды кармап турган исламчыларга каршы операция Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдоого жана өлкөнүн согуш болуп жаткан жерлериндеги мигранттардын жаңы агымынын алдын алууга багытталганын билдирди. Жерде операцияларды жүргүзүү чечими Түркиянын чек арага жакын райондору Сирия тараптан аткылоолорго дуушар болгондон кийин кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG