Ссылки доступа

Тажикстанда африка төө куштары балапан чыгарды (видео)


Тажикстандын түндүгүндө африка төө куштары үч жылдан кийин балапан басып чыгарышты. Бул учурду көптөн бери күтүп келген төө куш багуу боюнча өлкөдөгү жалгыз ферманын башчысы Аминжон Косимов эми аларды багып өстүрүп, пайда көрүү ниетинде.

Аминжон Косимов үч жыл мурда Ирандан африка төө кушунун 100 балапанын алып келген, бирок алардын 15ин гана сактап калууга мүмкүн болгон. Төө куштар аны жашоосунун узактыгы жана соргок эместиги менен кызыктарган, ошондуктан аларга көптөгөн каражат жана эмгек жумшап, баштаган ишин аягына чыгарууну чечкен.

"Бир жолу мага Европадан тааныштарым келген. Алар менин чарбамды көрүп, төө куштарды багуу идеясын беришкен. Алар эгер бир кой жылына 50 килограмм эт менен май берсе, төө куш 10 эсе көп берерин, анткени бир куш жылына 70 жумуртка тууп, андан аз дегенде 50 балапан чыгарса, анда жылына 5 тоннага чейин эт болорун, төө куштар жылына 100 килограммга чейин салмак кошорун» айтып ишендиришкен», - деди фермер.

Төө куштарды багуу – Тажикстан айыл чарбасындагы жаңы багыт. Аминжон Косимовдун айтымында, ал төө куштарды пайда табуу менен катар эле үй канаттууларын көбөйтүүгө кызыккандыгынан улам да багууда. Учурда анын чарбасында төө куштардан сырткары көгүчкөндөр, павлин, цесарка өңдүү канаттуулардын түрү бар.

Май менен холестерин жок төө куш эти уйдукунан 1,5 эсеге кымбат, бирок аны өлкө базарларынан табуу жеңил эмес.

В Таджикистане разводят цыплят африканских страусов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

XS
SM
MD
LG