Ссылки доступа

ИМ Йемендеги ири жардыруу үчүн жоопкерчилик алды


Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында жардыруудан кеминде эле 45 адам мерт кетип, 60тай киши жаракат алып, оорканага жеткирилди. Жанкечти өкмөттүк күчтөрдүн аскерий базасынын аймагында автоунааны жардырганы кабарланууда. Каза болгондордун көбү аскерге жаңы алынгандар. Бул тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунуна таянып, Reuters агенттиги кабарлады.

Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобунун ультражихадчылары алды. ИМ тез-тез колдонгон Amaq онлайн-ресурсу аркылуу алар 60тай адамдын өлгөнүн жарыялашты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Йеменде жогорку кызматтагы чиновниктерге, диний ишмерлерге жана күч түзүм өкүлдөрүнө каршы кол салууларды уюштуруп келет. Мындан тышкары жоочулар президентти колдогон жана Бириккен Арабия жетектеген аскер күчтөрү менен лагерлерине чабуул жасап турат.

Укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, кол салуучулар мектепти бутага алышкан. Окуу жайдын имаратында президент Абд-Раббу Мансура Хади тарапта күрөшкөн элдик кошуун өкүлдөрү тамактанып жаткан.

XS
SM
MD
LG