Ссылки доступа

Сочидеги мигранттар борборунда 100дөн ашык киши ачкачылык жарыялады


Russia -- Migrants in Sochi, September 12, 2013.
Russia -- Migrants in Sochi, September 12, 2013.

Шейшемби күнү Сочидеги мигранттар борборунда жүздөн ашык киши ачкачылык жарыялады. Алар тамак-аш менен санитардык шарттардын начардыгына даттанышууда. Бул тууралуу "Медиазона" жазды.

Федералдык миграция кызматынын функциялары Ички иштер министрлигине берилгенден кийин мигранттарды депортациялоо жол-жоболору өтө жай жүрүп калганы кабарланууда. Аталган борбор режимдик объект болгондуктан, андагы чет өлкөлүктөр мекемеден өз алдынча чыгып кете алышпайт. Алардын көбү Орусиядан жол киресин өздөрү төлөп кетүүгө даяр, бирок борбордун кызматкерлери мигранттарды аба майданга жеткире алышпайт.

Сочиден алыс эмес жайгашкан Вардена кыштагындагы чет өлкөлүктөрдү кармап туруу борбору 2013-жылы ачылган. Бир жыл мурда борбордогу шарттардын начардыгына байланышкан даттануулардан кийин мекемени Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлөрү текшерип кетишкен.

XS
SM
MD
LG