Ссылки доступа

Казакстанда радикалдуу топтордун мүчөлөрү кармалды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети радикалдуу топтордун мүчөлөрү деп болжолдонуп жаткан 20дан ашык кишинин кармалганы тууралуу билдирүү таратты. Анда 12-августтан 30-августка чейинки аралыкта Актөбө жана Батыш-Казакстан облустарында үч радикалдуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганы айтылат.

Комитеттин маалыматы боюнча соттун уруксаты менен Батыш-Казакстан облусунда 10, Актөбө облусунда 11 киши камакка алынды.

«Жыйынтыгында радикалдардын укук коргоо органдарына кол салуу, ошондой эле адамдар көп чогулган жерлерде терроризм актыларын жасоо ойлорунун ишке ашырылышына жол берилген жок», — деп жазылган комитет билдирүүсүндө.

Тинтүү маалында топтун мүчөлөрү делинип жаткан адамдардын жашаган жерлеринде курал-жарактар менен ок-дарылар, жардыруучу заттар менен экстремисттик мазмундагы материалдар, ошондой эле эл аралык террорчул уюмдардын белгилери табылган.

Кармалгандарга карата бир канча берене боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Алардын арасында «Социалдык же диний кастыкты козутуу», «Терроризмге үгүттөө же терроризм актысын жасоого чакырык таштоо» беренелери да бар.

XS
SM
MD
LG