Ссылки доступа

«Донецк элдик республикасынын Евробиримдиктеги алгачкы өкүлчүлүгү» ачылды


Өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактын бийлиги Евробиримдикте «өкүлчүлүгү» ачылганын билдирди.

«Донецк элдик республикасынын консулдугу» деп аталган кеңсени Чехиянын Острава шаарында ачуу чечими кабыл алынган. Анын кызматкерлери борбор «Европада азырынча тааныла элек өлкө тууралуу туура маалыматтарды таратарын» билдиришүүдө.

Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Донецк элдик республикасы деп аталган аймак эл аралык укуктун субъектиси эмес экенин жана башка өлкөлөрдө консулдукка ээ боло албай турганын белгилеп, «өкүлчүлүктүн» ачылышына каршылыгын билдирди. Чехия дипломаттары кеңсе «Донецк элдик республикасынын өкүлчүлүк борбору» деген аталыштагы уюм катары катталганын белгилешти.

Донецк элдик республикасы орусиячыл жикчилдер тарабынан Украинанын түштүк-чыгышында 2014-жылдын жазында пайда болгон. Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатат деп айыптап келет. Кремль ал кинелерди четке кагууда.

XS
SM
MD
LG