Ссылки доступа

Дүйшөнбүдө адам сатууга каршы күрөшүү борбору ачылды


АКШ элчилигинин демилгеси менен 1-сентябрда Дүйшөнбүдө адам сатууга каршы күрөшүү борбору ачылды. Анын ачылышына өлкөнүн ички иштер министри менен АКШнын Тажикстандагы элчиси катышты.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода борбордун ачылышы адам сатуу кылмышынын алдын алууга чоң салым деп атады. Өз кезегинде элчи Элизабет Миллард борбордун ачылышы глобалдуу коркунучка каршы күрөшүүдөгү аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк түзөрүн белгиледи.

Тажикстан 2004-жылы «Адам сатууга каршы күрөшүү тууралуу» мыйзам кабыл алган Борбордук Азиядагы алгачкы өлкө болгон. Он жылдан соң өлкөдө андай кылмыш жасагандарга карата чараларды күчөтүүнү сунуштаган «Адам сатуунун алдын алуу жана анын курмандыктарына жардам көрсөтүү тууралуу» жаңы мыйзам күчүнө кирген.

Жакында Миграция боюнча эл аралык уюм акыркы 11 жыл ичинде Тажикстандын 700гө чукул жараны адам сатуунун курмандыктары болгонун билдирген. Дүйшөнбү жана Хожент шаарларында адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү боюнча атайын борборлор иштейт.

Өлкө ИИМинин маалыматына ылайык, өткөн жылы адам сатуу боюнча 28 кылмыш иши козголуп, 22 кишиге карата сот өкүмү чыгарылган.

XS
SM
MD
LG