Ссылки доступа

Кытайда «чоң жыйырмалык» саммити аяктады


5-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында «чоң жыйырмалыктын» эки күндүк саммити аяктады. Дүйнөлүк алдынкы экономикалык державалардын лидерлеринин жолугушуусу ачылганга чейин эле Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Барак Обама климат боюнча Париж макулдашуусун ратификация кылгандыктарын жарыялашкан.

Кытай менен АКШга абага бөлүнүп чыккан дүйнөлүк булганыч газдардын 40 пайызга жакыны туура келет. Париж макулдашуусунда уулуу газдарды чыгарууну азайтуу каралган. Ал кеминде булганыч газдардын 55% үлүшү туура келген 55 өлкө тарабынан жактырылган соң күчүнө кирет.

Дүйшөнбү күнү Орусия президенти Владимир Путин менен Барак Обама Сирия жана Украинанын чыгышындагы жаңжалдарды жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Эки өлкө президентинин жолугушуусу бир саатка созулганы менен натыйжалуу жыйынтыктарды берген жок.

Ошондой эле Путин Франсуа Олланд менен да жолукту. Анын жыйынтыгы боюнча француз президенти Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск макулдашууларынын аткарылышын талкуулоо үчүн октябрда Парижде «норманд форматындагы» жолугушуу өткөрүлөрүн билдирди.

Саммиттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө «жыйырмалык» өлкөлөрү эл аралык сооданын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялоону убадалашып, Дүйнөлүк банктын квотасын реформалоо менен юанды Эл аралык фонддун резервдик валютасынын катарына киргизүүнү колдошту.

XS
SM
MD
LG