Ссылки доступа

Казакстанда исламчылар 11-сентябрдагыдай теракт жасоону көздөшкөн


18-августта Алматы облусунда кармалган төрт шектүү учак уурдап качуу, өлкөнүн чек ара кызматы менен Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнө, күч түзүмдөрүнүн аткаминерлерине жана Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнө кол салууну көздөшкөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

УККнын версиясы боюнча кармалгандар Талдыкоргондун аба майданында чалгын жүргүзүшүп, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгондой террордук акты жасоо үчүн жарандык же аскердик учак уурдап качуу мүмкүндүктөрүн караштырышкан. Алардын арасында Кыргызстандын жарандарынын бар экени да кабарланууда.

Июнда Караганда облусунда кармалган башка топтун максаты Балхаш шаарынан алыс эмес жердеги орусиялык аскер базасына кол салуу болгону айтылган. Алардын так саны келтирилген эмес, болгону террорчу делгендердин бири өзүн жардырып, алган жараатынан улам каза болгону кабарланган.

УККнын маалыматы боюнча жалпысынан жыл башынан бери өлкөдө сегиз радикал исламчы топ колго түшүрүлгөн. Ал ортодо 5-июнда сегиз кишинин өмүрүн алып кеткен Актөбөдөгү кол салуу иши боюнча иликтөө аяктагандыгы кабарланды. Ал иш боюнча 30 кишинин сот жообуна тартылышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG