Ссылки доступа

Дүйшөмбүнүн жашоочусу ИМге кошулуу аракети үчүн соттолду


Төрт ай мурда Сирияга бара жаткан жеринен кармалган Дүйшөмбүнүн жашоочусу катаал режимдеги абакка 6,6 жылга эркинен ажыратылды.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, Дүйшөмбүнүн Музаффаров Диловар аттуу жашоочусу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрүп, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуу үчүн Москвадан Стамбулга учуп кетүүгө аракет кылган. Бирок 2016-жылдын 4-майында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан аба майданда кармалып, кийинчерээк тажик бийлигине өткөрүлүп берилген.

Дүйшөмбүнүн райондук соту Музаффаровду Кылмыш кодексинин 32-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, ага карата катаал режимдеги абакка 6 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

XS
SM
MD
LG