Ссылки доступа

Орусия менен Сауд Арабиясы мунай базарын турукташтыруу боюнча макулдашты


Орусия менен Сауд Арабиясы мунай базарындагы туруктуулукту кармап туруу максатында башка өндүрүүчүлөр менен биргеликте аракет көрүү тууралуу макулдашууга келгендиктерин кабарлашты. Бул тууралуу өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө мунай өндүрүүнү чектөө боюнча конкреттүү кадамдар тууралуу айтылган эмес. Бирок билдирүүдө «министрлер мунай базарында туруктуулукту жана келечектеги инвестициялардын деңгээлин кармап туруу максатында ири өндүрүүчү өлкөлөр ортосунда конструктивдүү диалог менен тыгыз кызматташуунун өзгөчө маанилүү экенин белгилешти", - деп айтылат.

Макулдашуу тууралуу кабар Brent маркасындагы мунайдын кыска убакытка, бирок кескин өсүүсүнө алып келди: Лондондогу ICE биржасында анын баасы 5,4%га, баррели үчүн $49,15 жогорулады.

Сентябрдын аягында Алжирде эл аралык энергетикалык форум өтөт. Андан сырткары ОПЕКтин курамына кирген мунай экспорттоочу өлкөлөр өзүнчө жеке жолугушууларды өткөрүүнү көздөп жатышат. Ага Орусиянын Энергетика министринин да катышуусу күтүлүүдө (Орусия ОПЕКке мүчө эмес).

Президент Владимир Путин ОПЕК менен Орусия мунай өндүрүү көлөмүн чектөөгө макулдугун беришин каалай турганын айтты. Орусиянын өзү бул кадамга барууга даяр экенин 2016-жылдын апрелинде эле билдирген. Бирок өндүрүүнү чектөөгө Иран таптакыр каршы болууда. Ал өлкөдөн санкциялар алынгандан кийин өндүрүштү күчөтүп, мунайга болгон баанын төмөн экенине карабастан анын экспортун көбөйтүү ниетинде.

XS
SM
MD
LG