Ссылки доступа

Өрттөнгөн басмакананын директору кызматкерлерди мыйзамсыз ишке алган


Москвада өрт учурунда каза болгон кыргызстандык кыз-келиндерди басмакананын жетекчиси мыйзамсыз жумушка орноштурганын моюнга алды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди

Анын айтымында, курман болгон кыздар туруктуу иштеген эмес. Алар патентсиз эле жумушка алынган. “Сергей Москвин өлгөндөрдүн туугандарынын бардык чыгымдарын төлөп берүүгө даяр. Ал каражат маселелерин чечүү үчүн алгач тергөөдөн качып кеткен. Үч адам акчаларын алды”,-деди жактоочу.

Басмакананын директору өрт боюнча толугу менен күнөөсүн моюнга алган. “Бул менин көз карашыман айырмаланып турат. Менимче, кырсык болду жана басмакананын жетекчиси айыптуу эмес”,-деди анын жактоочусу Елена Звездина.

Ал өрт коопсуздугу үчүн басмакананын башкы инженери жооптуу болгонун, трагедиядан кийин ал федералдык издөөгө алынганын баса белгиледи. Жакынкы күндөрү сот ишкердин баш коргоо чарасын карайт.

Орусия Башкы прокуратурасынын аныктамасы боюнча каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин экөө гана Орусияда легалдуу түрдө иштеп жүргөн жана Москвада каттоодо турган. Ошол эле маалда басмакана өзү төрт жылдан бери өрт кызматтары тарабынан текшерилген эмес.

XS
SM
MD
LG