Ссылки доступа

Казак окуу китептеринде "Крым темасы" оңдолду


«Мектеп» басма үйү Орусия аннексиялаган жарым арал тууралуу окуу китептериндеги маалыматты оңдоду. Натыйжада Крым Орусиянын аймагы катары көрсөтүлгөн абзац алынып салынды.

Бул жагдайга ыраазы болгон украин тарап китепке Тарас Шевченконун чыгармачылыгы киргизилгенин кубануу менен белгилейт.

Өткөн жылы чыккан Казакстандын тарых жана география китептеринде Крым Орусиянын субъектиси катары көрсөтүлгөн. Мунун айынан жаңжал чыгып, ошондон бери элчилик мектеп китептерине өзгөчө көңүл бөлөт.

“Мектеп” басма үйү китептин оңдолгон кошумча барактарын басып чыгарып, окуучуларга таркатты. Крым жөнүндөгү текст эксперттер жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан талдоого алынды. Картада БУУ тарабынан белгиленген чек ара көрсөтүлдү.

Казакстан Крым маселесинде бейтарап позицияны карманууда. 2014-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Крымды Украинадан бөлүү боюнча өткөн референдумду мыйзамсыз деп атап, резолюция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG